Борбордук Азия WikiCon 2025

Translate this post

Борбордук Азиянын Викимедиа жамааттары биринчи жолу Борбордук Азия WikiCon 2025 конференциясында жолугушарын жарыялайт!

Борбордук Азия WikiCon 2025 келе жаткан 2025-жылдын 19-20-апрелинде Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Дипломат эл аралык мектебинде өтөт. Дипломат эл аралык мектеби Ташкенттеги абройлуу өкмөттүк эмес окуу жайы болуп саналат. 2018-жылы ачылган мектеп эки заманбап окуу корпусуна ээ жана Ташкенттеги эң мыкты 10 мамлекеттик эмес билим берүү мекемелеринин катарына кирет. Конференцияны өзбек тилинин Викимедиачылар тобу уюштурат.

Викимедиа Фондунун конференция грантынын колдоосу менен өтө турган бул маанилүү иш-чара Борбордук Азиядан жана жакынкы аймактардан 50дөн ашуун Викимедиачыларды бириктирет. Ал билим менен бөлүшүүгө, кызматташууга жана Викимедиа кыймылын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Борбор Азиядагы биринчи регионалдык конференция Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран, Өзбекстан жана башка Викимедиа жамааттарынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын негизги максаты – Викимедиа кыймылы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү.

Интерактивдүү воркшоптор жардамы менен катышуучулар редакциялоо, долбоорлорду башкаруу жана техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Ошол эле учурда, жаматтардын аймактык көйгөйлөрүн жана демилгелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул конференция Борбор Азиядагы Викимедиа жамааттарын бирдиктүү жана таасирдүү келечегине карай маанилүү кадам болуп саналат.

Уюштуруучу топтун атынан

Can you help us translate this article?

In order for this article to reach as many people as possible we would like your help. Can you translate this article to get the message out?